Токаев жаңы бажы төлөмдөрү боюнча АКШ президенти Дональд Трампка жооп жазды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев АКШ президенти Дональд Трампка Казакстандан импорттолгон товарларга бажы төлөмдөрдү киргизүү тууралуу катка жооп жолдоду. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.

Казакстандын президенти соода маселелерин рационалдуу чечүү максатында конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин тастыктап, соода чыр-талашында компромисске жетүү мүмкүнчүлүгүнө ишенерин билдирди.

7-июлда АКШ президенти Дональд Трамп бир катар мамлекеттердин лидерлерине 1-августтан тартып жаңы бажы төлөмдөрүн киргизүү тууралуу кат жиберген. Бул каттардын арасында Касым-Жомарт Токаевдин аты да бар болчу. Трамптын катында Казакстандан экспорттолгон товарларга 25 пайыз кошумча тарифтер киргизилери айтылган.

Казакстандын соода жана интеграция министрлигинин өкүлдөрү Ак үйгө так сунуштарды жолдогонун билдиришти. Министрликтин баамында, 25 пайыздык бажы төлөмдөр Казакстандын АКШга экспортунун болжол менен 95 пайызын камтыбайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан