Франциянын биринчи айымы Брижит Макрон Улуу Британияга барганда Эммануэль Макрондун колун алуудан баш тартканына анын эжесинин каза болгону себеп болгон. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы президенттин үй-бүлөсүнө жакын булактарына таянып жазып чыкты.
"Биринчи айымдын маанайсыз көрүнгөнүнүн негизги себеби ушул. Ал эжесин жакшы көрчү жана бул жоготуу ага катуу таасирин тийгизди",- деген булак.
Басылма Брижит ага карабай Макронду Улуу Британияга коштоп барууну чечкенин белгилейт.
Айта кетсек, 72 жаштагы Брижиттин 93 жаштагы эжеси Анн-Мари Тронье өткөн аптада, тагыраагы 3-июлда каза болгон.
Франциянын президентинин жубайы Брижит Макрон Британияда учактан түшүп келе жатып Эммануэль Макрондун сунган колун кармабай койгон.