"Сокурлар да көрүп жатышат". Садыр Жапаров батир алган кишиден кандай мактоо укту? (видео)

Кечээ, 10-июлда президент Садыр Жапаров Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган кезектеги көп кабаттуу батирлердин ачкычтарын тапшырды.

Андан соң өлкө башчысы көп кабаттуу турак жайдын ичин көрүп, батир алган айрым жарандар менен учурашууга да жетишти. Ал учурда Садыр Жапаровго мактоо сөзүн айтканы да болду.

"Сиздин командаңызга чоң рахмат. Мына туугандарыма "бул кишинин иштегенин көзү бар эмес, сокурлар да көрүп жатышат" деп жатам. Ушул эки досту (ред: Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев) 7 миллион элге бергенине Кудайга шүгүр. Силер 35 жыл мурун келгенде неберелерибизден бери үйлүү болмок экен. Швейцария болуп калмакпыз",- деди батир алгандардын бири.

Айта кетсек, аталган 15 кабаттуу турак жай комплекси Калый Молдобасанов көчөсүндө жайгашкан.

11.07.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2025-07-11 17:59:00
Эки досту Кудайым ардайым колдоп жүрсүн
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан