Сентябрь айында Бириккен Араб Эмираттарында Woohoo аттуу ресторан ачылат. Анын өзгөчөлүгү - бул жерде менюну түзүү, жасалгалоо жана тамакты берүү процессин Chef Aiman аттуу тилдик нейросистем (жасалма интеллект) жүргүзөт. Бирок тамактарды физикалык жактан чыныгы ашпозчулар жасашат.
Жасалма интеллект миңдеген рецепттерди жана гастрономия, азыктардын молекулярдык курамы тууралуу илимий изилдөөлөрдү изилдеп чыккан. Ресторандын ээлери "өзгөчө даамдар менен күтүүсүз ингредиенттерди" убада кылышууда. Менюга киргизилердин алдында ар бир тамак ашпозчулардын дегустациясынан өтөт, ага атактуу ашпозчу Рейф Отман жетекчилик кылат.
Келечекте Chef Aiman тамак жасоодо адатта колдонулбай кеткен азыктарды (эт кесиндилери же май сыяктуу кошулмаларды) колдонот. Ресторандын негиздөөчүлөрү бул ыкма азыктын калдыктарын азайтууга жана ашкананын үнөмдүүлүгүн жогорулатууга жардам берет деп эсептешет.