Таластагы Козучак айылына жашоочулардын демилгеси менен 10 видеокамера коюлду. Бул тууралуу облус милициясы кабарлады.
Маалым болгондой, бул демилге “Жаңы муун - жаркын келечек, таза муун - коопсуз келечек” аталышындагы өткөн форумдун алкагында ишке ашты. Жабдыктардын бирөө адамды жүзүнөн тааныса, дагы бири 360 градуска бурулат. Калганы стационардык камералар. Орнотулган видеокамераларды Талас ОИИБинин нөөмөттө турган кызматкерлери 24 саат бою көзөмөлгө алышат.
Козучак айылы Беш-Таш жаратылыш паркына кетчү жолдо, деңиз деңгээлинен 2450 метр бийиктикте жайгашкандыктан жай мезгиленде бул аймакта каттам көбөйөт.