Ысык-Көлдө наркы 44 миллион сомдон ашык жер тилкелери мамлекетке алынды

Ысык-Көл облусунда жер тилкелерин мыйзамсыз менчиктештирүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, Түп районунда Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан, аянты 4,5 гектар болгон айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткени аныкталган. Ошондой эле Жети-Өгүз районунун Жаргылчак, Кызыл-Суу жана Оргочор айыл өкмөттөрүнүн аймагында жалпы аянты 23 гектар болгон айыл чарба багытындагы жер тилкелери жарандардын менчигине мыйзамсыз берилгени такталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде жалпы наркы 44 миллион 806 миң сомду түзгөн жер тилкеси кайрадан мамлекеттин менчигине кайтарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан