Орунбеков: "Быйыл 32 жаңы медициналык имарат курулуп жатат"

Өлкөдө быйыл 32 жаңы медициналык имарат курулуп жатат. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Айтымында, анын ичинен бешөө Бишкекте, экөө Талас облусунда, Ош облусунда 6, Чүй облусунда 3, Ысык-Көлдө 4, Жалал-Абад облусунда 9, Нарын облусунда 2, Баткен облусунда 1 имарат курулууда.
"Мамлекет саламаттыкты сактоого өзгөчө көңүл буруп жатат. Бул тармакка бөлүнгөн акча каражаты дагы жылдан-жылга көбөйүүдө. Мисалы, 2021-жылы саламаттыкты сактоого 26,3 миллиард сом кеткен, 2024-жылы ал дээрлик эки эсе өсүп, 42 миллиард сом болду, 2025-жылга 49,6 миллиард сом каралган",- деп жазды ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан