АКШ президенти Дональд Трамп НАТОнун баш катчысы Марк Рютте менен жолугуу учурунда эгер 50 күндүн ичинде Украина боюнча тынчтык келишими түзүлбөсө, Москваны жана анын өнөктөштөрүн 100 пайызга чейин бажы төлөмдөрү күтүлүп жатканын айтты.
Трамп Орусия президенти Владимир Путинге катуу нааразы экенин кайталап, тынчтык келишимин күтүп жүргөнүн белгиледи. Трамп: «Биз ар дайым жакшы сүйлөшөбүз. Бирок андан кийин ракета урулат», - деди. Ал ошондой окуялар үч-төрт жолу кайталанса, Путин менен сүйлөшүүлөрдүн эч кандай мааниси жок экенин айтты.
Трамп АКШ жана НАТО Украинага Европадан каражат менен курал-жарак берүү тууралуу макулдашканын, анын ичинде 17 Patriot ПВО системасы жибериле турганын билдирди.