
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагында акыркы суткада, 15-июлда 31 өрт кырсыгы катталганын билдирди.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 32 күжүрмөн эсеп тартылды. Тилсиз жоо катталган аймактар:
Бишкек шаарында – 5;
Ош облусунда – 6;
Чүй облусунда – 12;
Жалал-Абад облусунда – 4;
Талас облусунда – 2;
Баткен облусунда – 2.
ӨКМ кыргызстандыктарды өрт коопсуздугун сактоого чакырат.