Индияда легендарлуу марафончу Фауджа Сингх 114 жашында каза болду Спортчуну жолдон өтүп бара жатканда, унаа сүзүп кеткен. Бул тууралуу The Sun гезити билдирди.
Анын каза болгонун Лондондогу чуркоо клубу жана Фауджа Сингх акыркы ондогон жылдар бою мүчө болуп келген кайрымдуулук уюму Sikhs In The City расмий тастыктады.
"Бизге дем берген, жашоого болгон сүйүүнүн символу Фауджа Сингх Индияда көз жумду. Ал кырсыктан оор жаракат алып, каза болду",- деп айтылат спортчунун машыктыруучусу жана досу Хармандер Сингхтин билдирүүсүндө.
Фауджа Сингх 1911-жылдын 1-апрелинде ошол кезде Британиянын башкаруусунда турган Пенжаб аймагында туулган. Ал дыйкан үй-бүлөсүндөгү төрт баланын эң кичүүсү болгон. Бала кезинде буттары начар болуп, беш жашына чейин баса алган эмес.