Орусиянын Руза районунда үч адамдын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитетинин облус боюнча башкы тергөө башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Тергөөнүн версиясы боюнча, 14-июль күнү Полуэктово айылындагы жеке менчик үйдүн жер төлөсүнөн улгайган жубайлардын жана алардын небересинин жансыз денелери табылган. Аларда зордук-зомбулуктун белгилери табылган эмес. Пенсионерлер жер төлөдө гидроизоляция иштерин жүргүзүп, небереси аларга жардам берип жаткан.
Москва облусунун прокуратурасы түшүндүргөндөй, алдын ала маалыматтар боюнча, каза болгондор жер төлөдө иштеп жүргөндө мастикадан ууланган болушу мүмкүн.