"Досторум жок" деген кыздын туулган күнүнө бейтааныш 100 адам белек берди

Москвада курбулары жок кыз социалдык тармак аркылуу туулган күнүнө бейтааныш адамдарды чакырды. Видео кокусунан интернетке тарап, ага 100 адам белектери менен келишкен.

Арзунун 26 жаш туулган күнүн тосууга эч кимиси жок болгондуктан, ал соцтармакка видео тартып тамаша иретинде киргизип койгон. Видеону күтүүсүздөн 30 миң адам көрүп, көбү келерин жазышкан. Натыйжада кыз баарын тосуп алуу үчүн чоң имаратты ижарага алган. Бирок дасторкон жайганы акчасы жетпей калган. "Каалоочулар өзүңөр тамак сатып алгыла",- деген ал.

Кыз бейтааныш адамдардан гүлдөрдү, зер буюмдарды, косметика, идиш-аяктар жана башка көптөгөн нерселерди белекке алган.

16.07
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан