Бир жаштагы наристе келемишке берилчү дарыны жутуп алды

Орусиянын Омск облусунун Черлакский районунда бир жаштагы кыз келемиштин уу дарысын жутуп алган факт катталды. Бул тууралуу Омск облусу боюнча тергөө комитети билдиргенин орусиялык басылмалар жазышты.

Окуя 14-июль күнү болуп, наристе ууланып ооруканага түшкөн. Ал дарыны чоң энесинин үйүндөгү полдон таап алган. Оозуна салганга жетишкен, бирок дарыгерлер өз убагында жардам көрсөтүп, баланын өмүрүн сактап калышкан. Учурда анын ден соолугуна коркунуч жок.

"Бала дарыгерлердин кароосунан өтүп, медициналык жардам көрсөтүлдү, азыр анын ден соолугуна коркунуч жок",- деп айтылат Орусиянын Тергөө комитетинин билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан