Ош милициясы бир туугандар зордукталды делген маалыматты төгүндөдү

Ош облустук ички иштер башкармалыгы социалдык тармактарга жашы жете элек бир туугандар зордукталды деп тараган маалымат чындыкка дал келбестигин билдирди.

Облустук милиция аталган окуя боюнча мурун текшерүү иштери жүргүзүлүп, факт такталбаганын белгиледи. Тагыраагы, былтыр 31-июлда Чүйдүн Сокулук районунун 37 жашатагы тургуну милицияга арыз менен кайрылып, жашы жете элек эки баласы 2016-жылдын күз айынан 2019-жылга чейинки аралыкта 31 жаштагы бир тууган иниси тарабынан зордукталып келгенин айткан. Арыз ээси балдары зомбулукту Кара-Суу районундагы ата-энесинин үйүнөн көргөнүн билдирген.

Факт Сокулук райондук ички иштер бөлүмү тарабынан каттоого алынып, текшерүү иштери жүргүзүү үчүн аймактык караштуулугу боюнча Кара-Суу райондук милициясына өткөрүлүп берилген.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө жашы жете элек балдарга денесинен алган жаракатын аныктоо боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, аларга карата эч кандай ыплас аракеттер жасалбаганы аныкталган. Натыйжада былтыр 30-августта аталган факт боюнча кылмыштын курамы далилденбегендиктен кылмыш ишин козголгон эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан