Чоң-Алай районунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын 29 жаштагы кенже тескөөчүсү 21 жаштагы жигит тарабынан сабалган. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 9-июлда Сары-Таш - Кара-Мык унаа жолунун 97 чакырымында болгон. Анда айдоочу жол тескөөчүнүн мыйзамдуу талаптарына баш бербей, аны уруп жиберген.
Факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Кызматкерге тийиштүү экспертиза дайындалган.
Топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренесинин (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) негизинде кылмыш иши козголгон. Айдоочу жигит кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бирок шектүүнү Алай райондук соту үй камагына чыгарган.
Учурда тергөө иштери уланууда.