Эрдоган Израилди террористтик мамлекет деп атады

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Израилди террордук мамлекет деп атап, Сирияны бөлүп-жарууга жол бербей турганын билдирди.

"Израил мыйзамды жана принциптерди тааныбаган террористтик мамлекет",- деди ал министрлер кабинетинин жыйынынан кийин элге кайрылуусунда.

"Друздардын абалын шылтоолоп, Израил акыркы эки күндө өзүнүн кылмыштуу аракеттерин коңшу Сирияда жүргүзүүдө. Израилдин агрессиясы бүгүнкү биздин аймак үчүн эң чоң көйгөй. Израилден үлгү алгандар эртеби-кечпи алар чоң жаңылыштык кетиргенин түшүнүшөт. Биз кечээ Сириянын ыдырашына жол бербегендей эле, бүгүн да, эртең да ага жол бербейбиз",- деп кошумчалады Эрдоган.

Айта кетсек, Сириянын түштүгүндөгү кырдаал 13-июлда Сувейда провинциясында бедуин топтору менен друздарын өзүн-өзү коргоо отряддарынын ортосунда кагылышуу башталгандан кийин курчуган. 15-июлда Сириянын армиясы аталаган провинцияга кырдаалды турукташтыруу үчүн кирип барган. Көп өтпөй Израил Сириянын өткөөл бийлигинен друз калкын коргоону талап кылып, Сириянын куралдуу күчтөрүнүн аскердик колонналарына сокку ура баштаган жана 16-июлда Дамастагы бир нече стратегиялык объектилерди аткылаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан