Бишкек-Ош унаа жолунда Кусеин Көлбаев атындагы тоннелдин айланасын иретке келтирүү иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Учурда аталган тилкеде подрядчы компания тарабынан атайын техникалар тартылып, жер негизин даярдоо иштери активдүү жүрүүдө. Ал эми айдоочуларга убактылуу ыңгайлуу шарт түзүү үчүн аталган тилкеде аң-чɵнɵктөрдү жамоо иштери аткарылууда.
Бишкек - Ош авто жолунун аталган тилкесин капиталдык оңдоо долбоорунда тоннелдин кире беришине авто унаалар үчүн токтоочу жайлар, эс алуу аймактары жана сүрөткɵ тартуу зоналары, ыңгайлуу шарттар менен даараткана куруу пландалууда.
Жол кыймылына ыңгайлуу шарт түзүү максатында айтылган мɵɵнɵттɵ тоннелдин эки тарабы тең иретке келтирилип, асфальт төшөө иштери толук бүткөрүлмɵкчү.