Камчыбек Ташиев Тамчыда чек арачыларга батир ачкычтарын тапшырды

Бүгүн, 18-июлда Тамчы айылында Чек ара кызматынын кызматкерлери үчүн атайын курулган эки көп кабаттуу турак жайдын ачылыш аземи болуп өттү.
51 аскер кызматкеринин үй-бүлөсү жаңы, ыңгайлуу жана заманбап батирлерге ээ болушту. Жаңы үйлөрдүн короосунда балдар аянтчасы, волейбол аянтчасы жана жашоочулар үчүн бардык шарттар каралган.
Салтанаттуу иш-чарага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, батирлердин ачкычтарын өзү тапшырды.
“Мамлекеттик чек араны кайтаргандар үчүн татыктуу шарт түзүү - мамлекеттин приоритети. 1-июлдан тарта офицерлердин айлыгы 20 000 сомго жогорулады. Октябрда башка аскер кызматкерлердин да маянасы көтөрүлөт”,- деди Ташиев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан