Жалал-Абад шаарында аз камсыз болгон 550 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Андагы бир жаранга берилүүчү азык-түлүк баштыгынын баасы 6500 сомду түзөт.
Мындан сырткары, Кызыл Жарым Ай коому тарабынан шаардагы бир нече мекемелерге кондиционер орнотулду. Алар:
- “Ак-жол” балдар үчүн комплекстүү реабилитациялык борбору;
- Балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемеси;
- “Бакыт” ден соолукту калыбына келтирүү борбору;
- “Жылмаюу” логопеддик мектепке чейинки билим берүү уюму;
- Кургак учукту дарылоо тибиндеги №5 “Чолпон” мектепке чейинки билим берүү уюму;
- “Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү” кайрымдуулук борборунун карамагындагы майыптыгы бар балдардын реабилитациялык борбору.