4 жашар бала атасынын унаасын айдап, карындашын сүзүп алды

Чувашиянын Старые Мураты айылында төрт жашар бала атасынын унаасынын ачкычын алып, машинаны бир нече метрге чейин айдап кеткен. Бул тууралуу облустук прокуратурадан билдиришти.

Ал унаасын айдап баратып эки жаштагы карындашын сүзүп, андан соң таяныч мамыны сүзүп, токтоп калган. Жабыркаган кызга керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөн, бирок анын абалы тууралуу азырынча толук маалымат жок.

Райондун прокурору окуя болгон жерге барып, иликтөө иштерин жүргүзүп, кырсык болгон жерди карап чыгып, бала менен жеке сүйлөшкөн. Ошол эле учурда мындай аракеттерге жол берилбестигин түшүндүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан