Сот британиялык Мелисса Уилбанд аттуу тургунду 4 айлык ымыркайын силкип өлтүргөн деп 15 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Daily Mirror жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, ымыркай эсин жоготуп ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер аны катуу силккенден мээсине кан куюлуп кеткенин аныкташкан. Алты күндөн кийин ымыркай каза болгон.
Апасы бала каза болгон түнү жөн эле төшөккө жатканын билдирген. Уилбанд кызын силкибегенин, аны ал өлтүрбөгөнүн билдирген.