"Аватар" тасмасынын үчүнчү бөлүгүнүн постери жарыяланды

Жеймс Кэмерондун атактуу "Аватар" тасмасынын үчүнчү бөлүгүнө байланыштуу жаңы маалыматтар чыкты. Америкалык 20th Century Studios киностудиясынын расмий инстаграм баракчасында тасманын биринчи постери жарыяланды.

"Аватар: От жана күл" (2025) тасмасында Варанг менен таанышып алыңыздар",- деп жазылган киностудиянын билдирүүсүндө.

Маалыматка ылайык, жаңы бөлүктө Варанг аттуу каарман – Күл элинин (Ash People) лидери жана негизги антагонист катары көрсөтүлөт. Ошондой эле киностудия тасманын трейлери ушул жуманын аягында дем алыш күндөрү кинотеатрларда гана көрсөтүлө турганын билдирди. Ал "Фантастикалык төрттүк: Алгачкы кадамдар" тасмасынын сеанстарынын алдында көрсөтүлөт.

Фильмде Жейк Салли жана анын үй-бүлөсү Пандора планетасында туш болгон жаңы сыноолор жөнүндө баяндалат. Актёрдук курамда: Кейт Уинслет, Зои Салдана, Сигурни Уивер, Сэм Уортингтон жана башкалар бар.

Тасманын дүйнөлүк прокаты 2025-жылдын 19-декабрында башталары күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, "Аватар" тасмасынын биринчи бөлүгү 2009-жылдын декабрында чыккан жана дүйнөлүк кинематографияда чоң жаңылык болгон. Ал эми уландысы – "Аватар: Суунун жолу" – 13 жылдан кийин, 2022-жылдын декабрында көрсөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан