АКШнын президенти Дональд Трамп 2016-жылдагы президенттик шайлоодо "Орусия анын жеңишине жардам берген" деген маалыматты мурунку президент Барак Обама атайын ойлоп тапкан деп айыптады. Трамп мындай билдирүүнү Truth Social баракчасына жазды.
Маалым болгондой, буга АКШнын Улуттук чалгындоо кызматкери Тулси Габбард тарабынан 2016-жылдагы шайлоо тууралуу жашыруундугу алынган жаңы отчёттун жарыяланышы себеп болгон.
Трамптын айтымында, "алдамчы Хиллари Клинтон, уйкучу Жо Байден жана башкалар" бул жалган маалыматты таратууга катышкан. Ал бул аракетти "кылымдын кылмышы" деп атады.
Президент бул боюнча "анык далилдер бар" экенин белгилеп, мындай иштер АКШ үчүн кооптуу экенин белгиледи.
Габбард да Обаманын учурунда иштеген айрым жогорку жетекчилерди "Орусия Трампты колдогон" деген жалган пикирди таратышкан деп айыптап, алар сот жообуна тартылыш керек деди.
Отчётто ошол учурдагы чалгындоо кызмат жетекчилери - Жеймс Клэппер, Жон Бреннан жана Федералдык тергөө бюросунун (FBI) директору Жеймс Коми тууралуу маалыматтар айтылган.
CIA уюму да жакында билдирүү жасап, 2016-жылдагы шайлоого байланыштуу маалыматтар шашылыш жана туура эмес даярдалганын, жетекчилер өтө көп кийлигишкени мыйзамсыз болгонун билдирген.
2016-жылдагы шайлоого Орусия кийлигишти деген шек менен 2017-жылы атайын прокурор Роберт Мюллер дайындалып, Трамптын шайлоо штабынын иштерин текшерген. Бул иликтөө 2,5 жылга созулуп, Трампты күнөөлөй турган далил табылган эмес.
Кийинчерээк АКШнын Юстиция министрлиги дагы бир атайын прокурор - Жон Даремди дайындап, Орусия иликтөөсүнүн өзүн кантип башташканын текшерген.
Даремдин иликтөөсүндө эки киши Трампка каршы далилдерди атайын бурмалаганын моюнуна алышкан. Ал эми "Орусия Трампка жардам берген" деген маалыматты камтыган Steele документи Демократтар партиясы тарабынан каржыланганы аныкталган.