Вьетнамда экскурсия учурунда туристтерди ташып бараткан катер оодарылып кетип, кеминде 34 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу эл аралык маалымат булактары жазышты.
Окуя учурунда катерде 48 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Азыркы тапта 11 адам куткарылып, дагы 15 киши дайынсыз болууда.
Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсык катуу шамалдын кесепетинен болгон. Жергиликтүү бийлик жана куткаруучулар издөө-куткаруу иштерин улантууда.
Каза болгондордун улуту жана туристтер кайсы өлкөлөрдөн экени азырынча ачыктала элек.