Ысык-Көлдө мамлекетке 11 миллион сомдон ашык сумма өндүрүлдү

Башкы прокуратура Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөтүндө жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөнүн билдирди.

Аталган айыл өкмөттүн аймагындагы 855 гектар жер тилкеси өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана энергетика тармактар категориясына которулуп, күн электростанциясын долбоорлоо жана куруу пландалган. Бирок текшерүүдө жергиликтүү мамлекеттик органдардын аракетсиздигинин натыйжасында айыл чарба жоготууларынан алынбай калган пайданын орду толтурулбай, чыгым өндүрүлбөй калгандыгы аныкталган.

Келтирилген прокурордук актынын негизинде мамлекетке 11 миллион 170 миң 745 сом өндүрүлгөн. Текшерүү иши Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан