Бүгүн, 23-июлда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарында салынып жаткан жаңы административдик имараттын курулуш иштери менен таанышты.
Ошондой эле атайын кызматтын башчысы имараттын маңдайына пландалган филармониянын курулушунун башталышына болгон даярдыктарды көрдү. Ташиев филармонияга бөлүнгөн 2 гектардан ашык жер тилкеден музейдин салынышына да жер бөлүү тапшырмасын берди.
"Башка мамлекеттердин музейлерин карагыла. Музей экени билинип туруш керек. Үч кабат кылгыла. 2 гектарына филармонияны кургула да, 30 сотыхга музейди салгыла", - деди ал.
Ташиев филармониянын аталышына токтолуп, тамаша кылды.
"Токтосун Тыныбеков атындагы эле филармония болобу? Же атын өзгөртөбүзбү? Ыя, Кыдырмаевич (ред: президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү). Токтосун Тыныбеков боюнча эле калат. Биз тарыхка баа беришибиз керек", - деди УКМКнын жетекчиси.