Spotify’да жасалма интеллект маркум артисттердин атынан ыр чыгарды

Spotify жасалма интеллекти (AI) тарабынан жазылган ырлар каза болгон артисттердин аты менен жарыялагандыгы үчүн катуу сынга кабылды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

404 Media жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, платформа бул ырларды артисттердин мураскерлерине же компанияларына кабар бербестен чыгарган. Мисал катары, 1989-жылы киши колдуу каза болгон кантри ырчысы Блейк Фолейдин расмий профилине "Together" деген жасалма ыр жүктөлгөн. Бул ыр анын музыкалык стилине таптакыр туура келбейт. Атүгүл ырынын сүрөтүндө Фолейге эч тиешеси жок жаш жигиттин сүрөтү турган.

Текшерүүдө бул ырдын Spotify менен байланышкан Syntax Error аттуу компаниянын аккаунтунан жүктөлгөнү аныкталды. Бул эсеп буга чейин да башка жасалма ырлар менен байланышта болгон.

The Next Web маалыматына ылайык, ушундай эле жагдай 2016-жылы каза болгон Грэмми сыйлыгынын ээси Гай Кларктын расмий профилинде да байкалган. Анын атында "Happened To You" деген ыр дагы Syntax Error эсептери аркылуу жарыяланган.

Бул окуялар Spotify’дын AI музыкасын көзөмөлдөөдө жетишсиз болуп жатканын көрсөттү. Компания жаңылык жарыялангандан кийин бул контенттерди өчүрдү. Акыркы айларда Spotify’да жасалма ырлар көбөйүп, угармандарды адаштырып жатканы байкалууда.

Tech Times билдиргендей, ушул айдын башында жасалма интеллект түзгөн Velvet Sundown аттуу топтун "Dust on the Wind" ыры Spotify’да вирус болуп жайылды. Ал 1977-жылы чыккан Kansas тобунун белгилүү ырына окшош жана 2 миллион жолу угулган. Топтун биографиясында "синтетикалык музыка долбоору" деп жазылганы менен, Spotify бул ырынын AI менен жазылганын ачык көрсөтпөйт. Бул болсо угармандарды алдаганга тете.

Spotify’дын башкы директору Даниэль Эк буга чейин AI музыкасына колдоо көрсөтөрүн, бирок чын артисттердин чыгармаларын көчүрүп алуу болбошу керектигин айткан. Бирок анын бул билдирүүсүнө карабай, платформанын аракеттери карама-каршы жүрүп жатат.

"AI моделдери автордук укугу бар ырларды уруксатсыз чыгарууда. Артисттерге эч кандай акы төлөнбөйт, бул болсо адамдын чыгармачылыгына түздөн-түз коркунуч туудурат",- деди Улуу Британиянын Фонография индустриясынын өкүлү София Жонс The Guardian гезитине берген маегинде.

Анын айтымында, технологиялык компаниялар бул жараянга көз жумуп, AI ырларын чыныгы артисттер менен атаандаштыкка салып жатышат, бул болсо:

  • Артисттердин кирешесине,
  • Кадыр-баркына.
  • Чыгармачылыгына зыян алып келет.

Музыка дүйнөсү Spotify сыяктуу платформалардан жасалма контентти ачык белгилөөнү талап кылууда. Бул багытта биринчи кадамды француз Deezer платформасы таштады. Deezer Suno жана Udio сыяктуу AI программалары аркылуу жасалган ырларды таанып чыга алган алгоритм иштеп чыкты.

Музыка индустриясы муну башка платформалар да колдонушу керек деп эсептейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан