Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-июлда Кытайдын Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзи менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администарциясы билдирди.
Анын жүрүшүндө саясий, экономикалык жана гуманитардык тармактарда эки жактуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууданды.
Мамлекет башчысы өлкөлөр ортосунда кызматташтык жогорку деңгээлде байкалып жатканын баса белгиледи.
"Ушул жылдын февраль айында Кытайга болгон мамлекеттик сапарымды жана июнь айында Астанада Кытайдын Төрагасы – бир тууганым, урматтуу Си Цзиньпин мырза менен болгон жолугушуумду жылуу эстейм. Биздин жолугушууларыбыз ар дайым чыныгы достор, жакын кошуналар жана ишенимдүү өнөктөштөр ортосундагыдай достук маанайда өтөт",- деди Садыр Жапаров.
Өз кезегинде Чжао Лэцзи Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстанда олуттуу реформалар болуп жатканын, анын аркасында өлкө тездик менен социалдык-экономикалык өнүгүүгө жетишкенин кошумчалады.
"Ынак кошуна жана ар тараптуу өнөктөш катары Кытай бул жетишкендиктерге чын жүрөктөн кубанат. Сиздин жетекчилигиңиз астында Кыргызстан жаңы ийгиликтерге жетишет деп ишенебиз",- деп баса белгиледи Чжао Лэцзи.
Белгилей кетсек, бул Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасынын Кыргызстанга болгон биринчи расмий сапары.