Таиланд менен Камбоджанын ортосунда пикир келишпестик чыңалып, бири-бирине абадан чабуул жасай башташты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Шаршембиде чек арага жакын жерде мина жарылып, беш таиланддык аскер жараат алды. Текшерүү көрсөткөндөй, чек арадан 50-100 метр алыстыкта Таиланддын аймагында көп сандагы жөө аскерлерге каршы миналар бар. Бангкоктун билдиришинче, алар ал жерде акыркы эки айда пайда болушу мүмкүн.
Бул жагдайда Таиланд өз элчисин чакыртып, Камбоджанын дипломатиялык өкүлүн өлкөдөн чыгарган.
Акыркы аба соккусу жай тургандар жашаган аймакка түшүп, дүкөндөр өрттөлгөн. Көп сандагы адамдар жаракат алып, арасында окуучулар да болгону маалыматта кошумчаланды.