Бүгүн, 24-июлда президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Ал учурда Жапаров Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук, узун өмүр, кажыбас кайрат жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.
Баарлашуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары эки тараптуу кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле коңшулаштык, өз ара түшүнүшүү жана колдоо принциптерине негизделген ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да тереңдетүүгө өз ара даярдыктарын билдиришти.