"Балдарын ташыбайсыңар..." Оштун мэри жетекчилердин айдоочуларына жолукту (видео)

Бүгүн, 24-июлда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев мэриянын Автогараж ишканасына барып, айдоочуларга бир нече тапшырмаларды берди.
Айта кетсек, буга чейин мэр жетекчилердин унааларын гаражга токтоттуруп, колдонууга тыюу салган.
Калаа башчысы айдоочуларга бир нече шарттарды коюп, жумуштан сырткары колдонууга болбой тургандыгын эскертти.
"Жууп, тазалап коёсуңар. Азырынча өздөрүнүн унаалары менен каттайт. Андан кийин көрөбүз. Рейдге чыкпайсыңар деп буга чейин да айткам. Эртең менен жумушка жетекчини алып келесиңер, 6да жумуш бүтөт кетесиңер. Андан кийин жетекчинин жумушу бар болсо, алар кала берсин. 2-3 унаасы бар алардын, болбосо мага окшоп велосипед алып алсын. Эч ким деле тийишпейт. Балдарын бала бакчага, мектепке ташыганыңарды көрбөйүн. Иште гана колдоносуңар",- деди мэр.
Ошондой эле мэриянын аппарат жетекчиси Максуда Айдарбековага айдоочуларды дем алыш күндөрү жумушка тартпаш керектигин айтып, белгиленген талаптарды көзөмөлдөөнү тапшырды.
Оштун мэри айдоочулар менен жолукту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан