Бишкекте ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип 19 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга кайрылган жаран өздөрүн Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын, УКМКнын жана Улуттук банкынын кызматкерлери катары тааныштыргандарга электрондук эсебиндеги 12 миллион сомун алдатып жибергенин айткан.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кармалган жигит алдамчылык ишке баргандардын бири гана болгон. Тагыраагы, ал схеманы уюштуруучулардын көрсөтмөсүн аткарып, банк карталарын блоктоп, андан акчаны чыгарып, кылмыштын изин жашырып турган.
Учурда тергөө иштери улантылууда.