Үнөмдүү пайдаланыңыз. Электр энергиясын колдонуу жогорку чекке жетти

Ушул жылдын 22-июлунда Кыргызстанда суткалык электр энергиясын керектөө 44 миллион 124 миң киловатт-саат деңгээлине жетти. Бул тарыхтагы жай мезгилинде катталган эң жогорку көрсөткүч болуп эсептелет.

"Кыргызстан улуттук электр тармактары" ишканасы билдиргендей, былтыр, 2024-жылы 22-июлда бул көрсөткүч 36 миллиондун киловатт-сааттын тегерегинде болгон.

Керектөөнүн өсүшүнө негизги себептер:

  • Ысык аба ырайы жана анын натыйжасында кондиционерлердин жана муздаткыч жабдыктардын көп колдонулушу.
  • Электр энергиясын керектөөчүлөрдүн саны жыл сайын орточо 30 миң абонентке көбөйүп жатканы.
  • Көп кабаттуу үйлөрдүн жана өнөр жай объекттеринин курулуп, пайдаланууга берилиши.

Учурда өлкөнүн энергосистеми штаттык режимде иштеп жатат. Ошол эле маалда, "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ишканасы тарабынан жогорку жүктөм шартында электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн зарыл болгон бардык чаралар көрүлүүдө.

Бул арада компания жарандарга электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан