Трамптан TikTok’ко эскертүү: Эгер сатылбаса, АКШда толугу менен тыюу салынат

Дональд Трамп TikTok’тун ээси болгон кытайлык ByteDance компаниясы платформанын АКШдагы бөлүгүн сатууну кабыл албаса, анда TikTok өлкөдө толук тыюу салынарын айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, Трамп администрациясы TikTok’ту сатууну сунуштап, бир нече инвесторлордун жана компаниялардын сунуштарын кытай тарапка жөнөткөн. Бирок азырынча ByteDance да, Кытай өкмөтү да бул сунуштарга расмий макулдук берген жок.

АКШ TikTok'тун алгоритмин да көзөмөлдөөнү каалайт. Бул - платформанын кандайча иштеп жатканын, контентти кантип тандай турганын аныктаган систем.

"Эгерде сатуу боюнча жылыш болбосо, TikTok АКШда ишин токтотот",- деп билдирди Соода министри Ховард Лутник.

Трамп буга чейин TikTok’ту АКШдагы инвесторлор сатып алышы керек деп билдирип, ортодогу сүйлөшүүлөргө ортомчу болгон. Бирок АКШ жай гана сатуу эмес, алгоритмге да ээлик кылууну каалап жатат.

План боюнча TikTok’тун 50 пайыздан көбү АКШ тарапка, калганы ByteDance менен Кытайга таандык болушу керек. Бирок техникалык басылмалар ByteDance алгоритмди бөлүшүүгө макул эмес экенин жазышууда.

Трамп сунуш кылган сатып алуучулар ким экени азырынча коомчулукка айтылган жок. Ошондой эле Кытай тарап бул сунуштарды карап чыкканы боюнча да расмий билдирүү жасаган жок.

2024-жылдын январында сатуу үчүн берилген мөөнөт аяктаган, ал учурда TikTok кыска убакытка АКШда иштебей калган. Андан кийин мөөнөт бир нече жолу узартылган.

Эгерде сатуу ишке ашпаса, Трамп администрациясы TikTok’ко каршы "Чет элдик душман" мыйзамын колдонушу мүмкүн. Бул мыйзам - улуттук коопсуздукка шек келтириши мүмкүн болгон чет элдик платформаларды АКШда тыюу салууга жол ачат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан