Кыргызстанда WhatsApp аккаунттарын бузуу учурлары көбөйдү. Колдонуучулар мессенджерге кирүү мүмкүнчүлүгүн жоготуп, шектүү билдирүүлөр жана коддорду киргизүү боюнча суроо-талаптар түшүп жатканына даттанышууда. Зыянкечтерден кантип сактануу керектигин Beeline Кыргызстан уюлдук оператору айтып берет.
Бузуу көйгөйү оператордун тармагына байланыштуу эмес — шылуундар жеке маалыматка жетүү үчүн мессенджердин өзүндөгү аялуу жерлерди колдонушат. Бирок аккаунтту коргоого жардам бере турган жөнөкөй жолдор бар:
Эгер WhatsApp’ка кире албасаңыз, бирок шектүү шилтемелерге өтпөсөңүз жана үчүнчү тараптын сайттарына сырсөздөрдү киргизбесеңиз, анда сиздин аккаунтуңуз бузулган эмес, убактылуу жеткиликсиз болушу мүмкүн. Бир аз күтө туруңуз, көбүнчө кирүү мүмкүнчүлүгү бир күндүн ичинде автоматтык түрдө калыбына келтирилет. Эгер WhatsApp’тан SMS-код келбесе, кайра сурам жөнөтүп көрүңүз.
Эч качан башкаларга каттоо кодуңузду жана эки кадамдуу текшерүүнүн PIN-кодун билдирүүгө болбой турганын унутпаңыз. Бул сиздин жеке маалыматыңыз.
Өз кезегинде, Beeline Кыргызстан өз кардарларынын маалыматтарын коргоо үчүн бардык күч-аракетин жумшайт. Компания киберкоопсуздуктун эң катаал нормаларына жооп берет жана ISO/IEC 27001 эл аралык сертификатына ээ. Бул компаниянын киберкоркунучтардан маалыматтарды ишенимдүү коргоону камсыздаганын тастыктаган дүйнө жүзү боюнча таанылган стандарт.
— Кардарлардын коопсуздугу биз үчүн биринчи орунда, — деп белгиледи Beeline Кыргызстандын башкы директору Андрей Пятахин. — Биз заманбап фаерволдорду колдонобуз, киберкоопсуздук жаатында ISO стандарттарын карманабыз жана ички экспертизаны тынымсыз өнүктүрөбүз. Бирок эстен чыгарбоо керек: коопсуздук жөнөкөй аракеттерден башталат. Сак болуңуз, жөнөкөй сунуштарды аткарыңыз жана эч кимге жеке коддоруңузду бербеңиз — ошондо сиздин маалыматтарыңыз ишенимдүү корголот.
Бул мүмкүн. Бул Beeline.