Таиландда Камбоджанын чабуулунан каза болгондордун саны өстү

Таиландда Камбоджа менен чек арадагы куралдуу кагылышууларда кеминде 14 тургун жана 1 аскер каза таап, дагы 46 киши жарадар болгонун Таиланддын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Сурин провинциясында 5 киши каза болсо, Сисакет провинциясында каза болгондордун саны 9га жеткен. Убонратчатхани провинциясында 1 жергиликтүү тургун набыт болгон.

Буга чейин Бангкок 11 карапайым тургун каза болгонун кабарлаган. Учурда Камбоджада каза болгондор тууралуу маалымат айтыла элек.

Айта кетсек, бейшембиге караган түнү Таиланд менен Камбоджанын чек арасында кагылышуу башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан