Массалык баш аламандык уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн деген айып менен башкы прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулу 13 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Чүй облустук сотунан тастыкташты.
Маалым болгондой, сот анын мүлкүн конфискациялоо чечимин да кабыл алды. Мындан тышкары, бул иш боюнча дагы сегиз айыпталуучуга өкүм чыгарылып, алар 9 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылды.
Эскерте кетсек, шектүүлөр 2024-жылдын 12-ноябрында кармалган. Укук коргоо органдары алардын жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтө турган күнү - 17-ноябрда баш аламандык уюштурууну пландаганын билдирген. Кармалган топтун кампасынан 1000 бөтөлкө спирт ичимдиги, баш аламандык уюштурууга керектүү каражаттар табылганы айтылган.