Бишкекте 25-мартта “Кыргызстандагы аялдарга жана кыздарга болгон зордук-зомбулукту токтотуу” деген ураандын астында жөө жүрүш болуп өттү. Бул боюнча гей-пропагандага каршы чыгып келген “Калыс” саясий кыймылынын лидери Жеңиш Молдокматов "гейлерге каршы келген мыйзамдын өтөрүн билгендер зордук-зомбулукту токтотобуз деп жөө жүрүшкө чыгышууда" деп билдирди.
Анын айтымында, аталган жөө жүрүштү уюштурган активисттер кожоюндарынан алган акча каражаттарын актап жатышат. “Мындан тышкары алар гей-пропагандага каршы келген мыйзамдын өтөрүнө көздөрү жетип, тынчы кетип кыйналып жатышат”,- деди ал.
“Эгерде жөө жүрүштүн катышуучуларына “Калыс” кыймылы тарабынан каршы митинг өтсө, алар кысым менен басымдын маңызын түшүнмөк. Алар кылган аракеттери менен чоң чыңалууга алып келип, жабыркап калышы мүмкүн. Анан сөзсүз бизди күнөөлөп чыгышат”,- дейт Жеңиш Молдокматов.