Араван районундагы Чек-Абад айыл округунда 25-мартта «Этностор аралык ынтымак – Кыргызстандын өнүгүүсүнүн негизи» деген аталышта иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу 26-мартта ИИМдин Түштүк башкармалыгынын этностор аралык жаңжалдарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Арстан Жоошбеков билдирди.
"Иш-чараны өткөрүүнүн башкы максаты - улут аралык мамилени, достукту чыңдоо менен бирге улуттарды ынтымакка чакырып, учурдагы көйгөйлөр менен жеринен таанышуу жана улуттар арасында ар кандай чыр-чатактардын чыгуусуна жол бербөө",- дейт ал.
Жыйынга Араван районунун акими Шамил Артыков, Араван РИИБинин өкүлдөрү жана жергиликтүү жашоочулар катышышты.