Кыргызстан боюнча 2013-жылы жашы жете элек кыздар арасында 1200 төрөт катталды. Бул тууралуу 27-мартта SUPER.KG порталына Бишкек шаарындагы Саламаттыкты сактоо департаментинин медициналык жардам бөлүмүнүн гинекологу Раиса Асылбашева билдирди.
«2013-жылы каттоого 123 адам туруп, жылдын аягында 72 жеткинчек көз жарды. Ал эми калганы төрөт алдында турат. Кыздардын басымдуу бөлүгү 15-18 жашка чейинкилер, ал эми айрымдары 14 жаштагы секелектер»,- дейт адис.
Маалыматка таянсак, кош бойлуулардын дээрлик бөлүгү аймактардан келип шаарга каттоого туруп, ымыркайлуу болушат. Мындай жаш энелердин так санын айтуу кыйыныраак экенин да адис кошумчалайт. Себеби жашыруун жеке клиникаларда көз жаргандар да жок эмес.