Мектеп окуучуларынын шаардык олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи Ош шаарындагы «Кыргыз-түрк достугу» атындагы №52-орто мектептин жыйындар залында өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов билдирди.
Анын айтымында, Ош шаарындагы олимпиадада республикалык олимпиадага өткөн жеңүүчүлөр Бишкек шаарына жөнөп кетишти.
Шаардык олимпиадада 1-орунга ээ болгон окуучулар жана аларды даярдаган предметтик мугалимдер Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын 1-даражадагы диплому жана Т.Касымбековдун 8 томдук чыгармалар жыйнагы менен сыйланышты. Ал эми 2-3-орунга ээ болгон окуучуларга аталган башкармалыктын 2-3-даражадагы дипломдору, регионалдык олимпиадада 4-орунга ээ болгон окуучуларга активдүү катышкандыгы үчүн дипломдор тапшырылды.