Унааларга салыктын төлөнүшү боюнча текшерүүлөрдү Мамлекеттик салык кызматы Жол-кайгуул кызматы менен биргеликте жүргүзөт.
Маалыматка ылайык, мекемелер жүк жана адам ташуучулардын патент сатып алышын жана 2014-жылга унаага салык төлөнүүсүн биргеликте текшерет. Иш-чаранын максаты бюджетти салык пул менен толтуруу болуп эсептелинет. Планга ылайык, ар бир аймакта түзүлгөн мобилдик группалар текшерүүлөрдү жүргүзүшөт.