Бишкектин Биринчи Май райондук администрациясы митинг өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизүү тууралуу райондук сотко кайрылган. Маалыматка ылайык, ага аталган райондун жашоочуларынын кайрылуусу жана 2010-жылдагы Апрель окуясынын 4 жылдыгына карата даярдыктардын жүрүп жаткандыгы себеп болгон. Ошондой эле мындай чечим коомдук тартипти жана саясий туруктуулукту сактоого багытталган.
Бүгүн, 31-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы “Биринчи Май райондук соту кабыл алган чечимине ылайык, 31-марттан 1-майга чейин "Ала-Тоо" аянтында, ЖКнын имаратынын алдында, Өкмөт үйүнүн жанында митинг өткөрүүгө чектөө киргизилди.
КРнын “Тынчтык митинги жөнүндө” мыйзамына ылайык, жыйналыш өтүүчү аймактын жергиликтүү бийлик органдары митинг өткөрүүгө чектөө киргизүүгө укуктуу. Шаардык ички иштер башкармалыгы бардык жарандарды акция жүргүзүү боюнча мыйзамды сактоого чакырат.
Мыйзамга баш ийбөөчүлүк же ички иштер органдарынын кызматкерлеринин талаптарын аткарбагандык административдик жоопко тартылуу менен коштолот” деп маалымдады.