25-28-март аралыгында Бишкекте прокуратуранын түзүмдөрүнүн кызматкерлери “Жаштар үчүн юстиция” деген темадагы тренингге катышты. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта КРнын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалым болгондой, иш-чаранын жүрүшүндө анын катышуучулары жаштардын укуктарын коргоо боюнча билим алып, бул маселе боюнча эл аралык практика менен таанышышты. Тренингге судьялар, адвокаттар, Ички иштер башкармалыктарынын жана Социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкерлери катышты.