Бүгүн, 4-апрелде Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов жарандарды жалпы шаардык ишембиликке чыгууга чакырды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.
"Урматтуу шаардыктар, жаз - жаңылануунун мезгили. Бардыгыңыздарды ишембиликке чыгууга чакырам. Келгиле, ар бирибиз өзүбүздүн үйүбүздүн тегерек-четин, районубузду жана шаарыбызды тазалайлы. Бул айда биз шаарыбызга тазалык алып келишибиз керек" деп жазылат К.Кулматовдун кайрылуусунда.