Бүгүн, 3-сентябрда Бишкек шаардык соту №1-СИЗОнун мурунку башчысы Марс Жусупбековдун ишин карады. Анда соттук коллегия Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чыгарган чечимин өзгөрүүсүз калтырды.
Буга чейин май айында Октябрь райондук соту Марс Жусупбековду 4 жылга эркинен ажыраткан. Бирок айыпталуучунун жактоочусу райондук соттун чыгарган чечимин кайра кароо өтүнүчү менен шаардык сотко кайрылган.
Айта кетсек, М.Жусупбеков "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана кызматтык укук-милдеттеринен аша чапкан" деп айыпталган эле.