Бүгүн, 25-январда “Ата Журт” фракциясынын үч депутатынын иши боюнча сотто аталган фракциянын өкүлү Ахматбек Келдибеков: “К.Ташиев, Т.Мамытов жана С.Жапаровду үй камагына чыгарып бергиле. Биз аларды актагыла деген жокпуз, болгону, үй камагына чыгарып, анан сурай бергиле деп жатабыз. Бирок бул талаптарды бийликтегилер укпай жатат” деген пикирин билдирди. Буга чейинки эки революциянын чыгышына ушундай нерселер себеп болгонун кошумчалады Келдибеков.