Карганбек Самаков Кыргызстандын Бажы биримдигине киришин колдойт

Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, ички өндүрүш өсө турганын депутат Карганбек Самаков 2-октябрда "Парламент" радиосунун түз эфиринде айтты. Анын билдиришинче, Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү менен чек ара маселеси чечилип, мамлекеттин коопсуздугу сакталат. Айыл чарба, эт азыктарын сыртка экспорттоого жол ачылат. Бажы бирлигине кирген мамлекеттер ортосунда өткөрмө бекеттериндеги көйгөйлөр жеңилдейт. Тоо-кен жана кайра иштетүү тармагында биргелешкен ишканалар курулмакчы.

Самаков өлкө экономикалык жактан өнүгүш үчүн ири мамлекеттер менен мамиле түзүшү зарыл. "Албетте, биримдикке киргенден кийинки алгачкы жылдарда кыйынчылыктар болот, бирок бул уюмдун келечекке пайдасы чоң",- деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан