Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин 3-ноябрдагы жыйынында депутаттар “Кумтөрдүн” азыркы абалга келишине Экономика министрлиги күнөөлүү экенин айтышты. Экономика министрлиги өз милдеттерин так аткарбай жатканын айткан депутат Назарали Арипов: “Кумтөрдөгү" үлүштү 50х50 пайыздан бөлүү чечиминин кабыл алынышына да Экономика министрлиги күнөөлүү. Ошондо да болбой мыйзам долбоорлорду алып келип жатып, акыры өткөрттүңөр. Кыргызстанды канадалык ишканага силер уттурдуңар”,- деди депутат Экономика министрлигинин статс-катчысына. Жыйында өкмөт тарабынан сунушталган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат.