Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 3-ноябрда өткөн Коргоо кеңешинин жыйынында диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын жаңы концепциясына пикирин билдирди. Спикер документке 3 кошумча киргизүү керектигин айтты:
"Биринчи кошумча: Коомдун басымдуу бөлүгү салттуу диндерди карманып, ар кандай салттуу эмес агымдар, секталар, мазхабдар жана тарикаттар аз болсо, коомдун бүтүндүгү бышыгыраак болот. Биз ханафий мазхабынын жана православдын тарыхый ролун, коомдун келечеги үчүн өзгөчө жоопкерчилигин эске алып, алардын өнүгүүсүнө шарт түзгөнүбүз максатка ылайыктуу. Мындай практика көпчүлүк светтик өлкөлөрдө бар. Мисалы, Улуу Британия, Дания, Норвегия, Греция, Финляндия, Швеция, Исландияда бир динге расмий же мамлекеттик деген статус берилген. Ошондуктан жаңы диний уюмдарды расмий каттоо үчүн аларга коюлчу талаптарды күчөтүү керек.
Экинчи кошумча: Салттуу болобу, жаңы болобу, бардык диний уюмдар мамлекеттин өнүгүшүнө кедергисин тийгизбеши керек. Конституциябыздын 45-беренесинде "негизги жалпы билим алуу милдеттүү" деп так жана даана жазылып турат. Диний уюмдар коомубузду артка, орто кылымга түртпөй, 21-кылымдагы адамзаттын жетишкендиктерин өздөштүрүү үчүн мамлекетке көмөктөш болгону зарыл. Кыргыз коому азыркы илимий-техникалык жетишкендиктерди үйрөнүү менен дин тутууну ийгиликтүү айкалыштыруусу зарыл. Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, мамлекеттин өнүп-өсүүсүнүн негизги факторлорунун бири – бул дин жаатындагы мамлекеттик саясаттын туура болгону. Мисалы, дин эркиндиги менен бирге математика, физика, техника, медицинанын жетишкендиктерин өздөштүрүүнү айкалыштыра алган. Ушул ойду концепцияда кыскача түрдө чагылдырыш керек.
Үчүнчү кошумча: Концепциянын структурасы боюнча төмөнкүнү сунуш кылам: Документтин 7, 16, 18, 28-беттеринде "чаралар" же "иш-чаралар" деп аталган пункттар мазмуну боюнча "милдеттер" деп аталса туура болот. Себеби бул концептуалдык документ, анда милдеттер гана камтылат, анын негизинде конкреттүү иш-чаралардын планы иштелип чыгат. Ушул бойдон калтырсак, иш-чараларды аткаруу үчүн иш-чаралардын планын иштеп чыгуу керек деген тапшырма берген болобуз".